Ошто ашканалардан түшкөн салык 60 пайызга көбөйдү
Ош шаарында коомдук тамактануу жайларына фискалдык программалык камсыздоону киргизүү оң натыйжа берди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, пилоттук долбоордун алкагында тамактануучу жайлардын кирешесин так эсепке алуу системасы иштеп жатат.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, жаңы система киргизилгенден кийин Ош шаарындагы коомдук тамактануу тармагынан түшкөн салыктар 60%га көбөйгөн. Бул көрсөткүч ишкерлердин каржылык операцияларынын ачыктыгынын жогорулаганын көрсөтөт.
“Пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Манас жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы азайтуу”, – деп айтылат маалыматта.
Жаңы фискалдык программа ишкерлерге накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү автоматтык түрдө так эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир сатуу чекиттен өтүп, Салык кызматынын базасына реалдуу убакыт режиминде жөнөтүлөт. Бул болсо кардар менен ишкердин ортосундагы эсеп-кысапты да ачык-айкын кылат.
Белгиленгендей, Ош шаарында коомдук тамактануу жайларынын 95 пайызынан ашыгы жаңы система менен иштеп жатат.