Айыл чарбасын каржылоо: Дыйкандарга 5 млрд сомдон ашык насыя берилди
Дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо максатында иштелип чыккан “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында каражаттар жылдык 6 пайыздык чен менен 36 айлык мөөнөткө “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу берилүүдө.
Алгач бөлүнгөн 2 млрд 448 млн сом толук өздөштүрүлгөндүктөн, министрлер кабинетинин чечими менен кошумча 3 млрд сом бөлүнүп, долбоордун жалпы суммасы олуттуу өскөн.
“Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 5 млрд 74 млн сомдук 7 694 насыя берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Каражаттар банктар тарабынан төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
“АБанк” ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 465,8 млн сом, 3 750 насыя):
- мал чарбачылыгына – 2 млрд 165,2 млн сом (3 204 насыя);
- өсүмдүк өстүрүүгө – 263,6 млн сом (512 насыя);
- суу үнөмдөөчү технологияларга – 37 млн сом (34 насыя).
“Элдик Банк” ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 608,2 млн сом, 3 944 насыя):
- мал чарбачылыгына – 2 млрд 423,5 млн сом (3 624 насыя);
- өсүмдүк өстүрүүгө – 163,5 млн сом (303 насыя);
- суу үнөмдөөчү технологияларга – 21,2 млн сом (17 насыя).