Эми жеңилдетилген дарылар “Эл Аман” дарыканалары аркылуу гана берилет

 Эми жеңилдетилген дарылар “Эл Аман” дарыканалары аркылуу гана берилет

Бишкек шаарында ушул жылдын 1-июлунан тартып жеңилдетилген дары-дармектерди берүү тутуму өзгөрөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Жаңы эрежеге ылайык, борбор калаада Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча каралган арзандатылган дары-дармектер мындан ары “Кыргызфармация” ишканасынын “Эл Аман” мамлекеттик дарыкана тармактары аркылуу гана бериле баштайт.

“Бул пилоттук долбоор 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат. Камсыздандырылган жарандар электрондук рецепт аркылуу дарыларды 50 пайызга чейинки арзандатуу менен сатып ала алышат”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми төмөнкү беш категориядагы оорусу бар бейтаптарга дары-дармектер 90 пайыздык арзандатуу менен берилет:

  • бронх астмасы;
  • параноиддик шизофрения;
  • ар кандай аффективдүү бузулуулар;
  • эпилепсия;
  • онкологиялык оорулардын терминалдык стадиясы.

Жеткиликтүү дарылардын толук тизмесин үй-бүлөлүк дарыгерлерден же ММК фондунун расмий сайтынан билүүгө болот.

Связанный пост