Денис Петрашов АКШдагы мелдеште алтын утту

 Денис Петрашов АКШдагы мелдеште алтын утту

Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди.

TYR Pro Series турниринин финалындагы жарышта кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 9,16 секунддук жыйынтык менен биринчи орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, мелдеште Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүздү.

Бул жарышка жалпысынан 46 спортчу катышкан.

Связанный пост