Кара-Көл шаарынын мэри алмашты. Себеби

 Кара-Көл шаарынын мэри алмашты. Себеби

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми Турдубеков Азамат Турдубекович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кара-Көл шаарында маданият кызматкерлеринин эмгек акысына байланыштуу тараган маалыматка түшүндүрмө берди.

Анын маалыматына караганда, соцтармактарда “Энергетик” маданият үйүнүн кызматкери айлык маянасы боюнча видео кайрылуу жасаган. Анда эмгек-акы апрель айы үчүн 100 пайызга көбөйүп берилгени, бирок май айында мурдагыдай эле аз өлчөмдө төлөнгөнү айтылган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Көл шаарынын мэриясы кошумча каражатка болгон муктаждык боюнча Финансы министрлигине туура эмес эсептерди жөнөткөнү аныкталды. Ошондой эле май айындагы каржылоо эски эсептер менен жүргүзүлгөндүктөн, кызматкерлерге айлык акы президенттин жарлыгында каралган жогорулатуусуз төлөнүп калган”, – деди ал.

Орунбеков белгилегендей, учурда “Энергетик” маданият үйү толук көлөмдө кошумча каржыланды. Бардык кызматкерлердин маянасы кайра эсептелип чыгып, жетпей калган каражаттар толугу менен төлөндү. Мындан тышкары, президенттин жарлыгын талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Ошондой эле ал президенттин жарлыктары бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сөзсүз аткарылышы керектигин эскертти.

Связанный пост