Коммерциялык банктардагы депозиттердин суммасы 866 млрд сомду түздү
Коммерциялык банктардын депозиттик базасы 46,2%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпы каражаттардын суммасы 866,2 млрд сомду түздү.
“Банктар экономиканын реалдуу секторун активдүү кредиттөөгө басым жасашты. Атап айтканда, соода, ипотека, айыл чарба жана башка секторлорго насыялар берилди”, – деди Бакетаев.