Ош облустук ооруканасында 800дөй бейтапка акысыз стент коюлду
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана имараттарды жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Оорукананын директору Атабек Жумалиевдин айтымында, 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы өскөндүктөн, орто жана кенже медперсонал менен камсыздоо дээрлик 100 пайызды түздү. Атүгүл жумушка кирүү үчүн кезекке тургандар пайда болду.
“Ооруканада 800дөй бейтапка акысыз стент орнотулду. Тез жардам менен инфаркт болуп түшкөн бейтаптарга буга чейин акы төлөнүүчү стент коюу операциясы эми акысыз жасалууда. Бул Ош, Баткен жана Ош шаары боюнча жалгыз ангиографиялык кызмат”, – деди ал.
Ошондой эле директор магниттик резонанстык томограф жана компьютердик томограф бөлүмдөрү күнү-түнү иштей турганын кошумчалады. Компьютердик томографиядан күнүнө 30-40 бейтап өтүүдө.
“Учурда оорукананы оңдоого 2025-2026-жылдары 300 млн сомго жакын каражат бөлүнүп, жумуштун 80 пайызы аяктады. Имараттын фасады жана чатыры жаңыланды. Ошондой эле, оорукананын өз каражатына 90 млн сомго жылына 10 миң төрөт кабыл алган төрөт үйү толук оңдолду. Жакын арада JICA (Япония) эл аралык агенттиги менен биргеликте ооруканага 8,5 млн долларга заманбап медициналык жабдуулар (жаңы ангиограф, КТ жана лапароскопиялык аппараттар) алып келинет”, – деди ал.