Төрага Марлен Маматалиев Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстан Республикасындагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев тарыхый байланышы терең, эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин алакасы соңку жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, мында эки өлкө башчыларынын салымы зор экенине токтолду.

«Боордош казак эли менен бардык тармактардагы байланыштарды арттыруу биздин тышкы саясатыбыздагы артыкчылыктуу багыттардын бири», – деди Төрага.

Ошону менен катар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу учкай кеп кылган Марлен Маматалиев кесиптешин Казакстандагы соңку республикалык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктай кетти.

Ошондой эле парламенттер аралык алакаларды ТүркПА, ЖККУ ПА жана КМШ ПАА өңдүү эл аралык аянтчаларда да өнүктүрүү зарылчылыгын кошумчалаган Төрага депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин деңгээлинде да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү менен парламенттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгара алабыз. Бул үчүн бизде мүмкүнчүлүктөр өтө чоң», – деди Марлен Маматалиев.

Өз кезегинде Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Марлен Маматалиевдин сапары эгиз элдин алакасын чыңдоого чоң түрткү берерин белгилеп: «Боордош казак менен кыргызды бир эл, эки мамлекет десек артыкча болбос. Андыктан бардык жагынан окшош, орток руханий-маданий баалуулуктарга ээ эки элдин стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да күчтөндүрүшүбүз керек», – деп кошумчалады.

Тагыраагы алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүшүп, саясий-экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүү менен катар маданий диалогду да чыңдап, чыгармачыл чөйрөнүн жана интеллигенция өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир алмашууну күчтөндүрүү сунушун айтты.

Ошондой эле тараптар маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, энергетика, соода өңдүү артыкчылыктуу багыттарда да тыгыз иш алып баруунун зарылчылыгына токтолушту. Айрыкча Маулен Ашимбаев кыргыз кинолоруна жогору баасын берип, бала кезинен кыргыз режиссерлорунун эмгектерине кызыгарын баса белгилей кетти.

Ал эми Төрага Марлен Маматалиев соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жана биргелешкен логистикалык борборлорду түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Эскерте кетсек, Төрага баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Суйунбек Омурзаков, Камила Талиева, Мавлюда Калбердиева, Равшанбек Рысбаев, Эдита Тайгараева жана Бекмырза Чолпонбай уулу бар.

Связанный пост