Былтыр укук коргоо органдарына 14 кылмыш иши козголду
Былтыр укук коргоо органдарына 14 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, коррупциялык элементтерди камтыган жана мыйзам бузуулар олуттуу болгон 5,6 млрд сом суммасындагы 116 аудитордук материалды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.
“Бул документтерди кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдары тарабынан 14 жазык иши козголгон. Учурда алардын ичинен 4 жазык иши сотко жөнөтүлсө, 3 иш токтотулган, 2 иш убактылуу токтотулуп турат, ал эми 5 кылмыш иши боюнча тергөө иштери кызуу жүрүүдө”, – деди Алмазбек Акматов.
Ошондой эле ал козголгон иштердин жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында 32,1 млн сом мамлекетке толугу менен кайтарылган.