Төрага Марлен Маматалиев Мажарстандын элчиси Шандор Дорогини кабыл алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Мажарстандын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, байланыштарды бекемдөөдө элчиликтин ролу тууралуу сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев Шандор Дорогинин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип: “Сиздин аракетиңиздин аркасында кыргыз-мажар кызматташтыгы стратегиялык деңгээлге жетип, бардык багыттар боюнча өнүгүп келди”, – деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш менен Мажарстандын Мамлекеттик жыйыны ортосунда да туруктуу диалог калыптанганын эске салган Төрага парламенттер аралык байланыштар кыргыз-мажар мамилесин бекемдөөгө чоң түрткү берип жатканына токтолду.

“Мындан ары да тыгыз иш алып барып, депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин алкагында да биргелешкен иш-чараларды уюштуруу менен мыйзам чыгаруу жана санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуубуз кажет”, – деди Төрага.

Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу боюнча да пикир алмашып, Төрага быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна мажар элин жана спортчуларын чакыра кетти.

Өз кезегинде Шандор Дороги дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылыгын айтып, элчи катары жасаган иштери тууралуу учкай маалымат берди.

Ошондой эле элчилик тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго да токтолгон Шандор Дороги жасалып жаткан иштер мындан ары да улантыла берерин белгиледи.

Муну менен катар Мажарстандын Мамлекеттик жыйынын Төрайымы Агнеш Форстхоффердин жолдогон саламын жеткирип, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Андан сырткары баарлашууда тараптар ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруунун зарылчылыгына токтолушту.

Связанный пост