Бажы каттоосу жана аскерге чакыруудагы медкароо жөнөкөйлөштү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагындагы эки реформанын жыйынтыгын президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында чыгарды.
Биринчи реформа товарларды идентификациялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана бажы каттоосун жүргүзүүдө уруксат берүүчү документтерди тездетүүнү жүргүзүү болду.
Буга чейин каттоо процесси кол менен иштөөнүн олуттуу көлөмүн, ведомстволор аралык бир нече ирет өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын жана документтерди кароонун узак мөөнөттөрүн талап кылган. Мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтарды кароо жана талдоо 14 иш күнүнө, айрым учурларда бир айга чейин созулуп келген. 2025-жылы 16 314 уруксат документи берилген, анын ичинен 2 280 лицензия жана 14 006 экспорттук көзөмөлдөгү товарлар жана ЕАЭБ Бирдиктүү тизмеси боюнча түшүндүрмөлөр.
Реформа бизнес процесстерин комплекстүү оптималдаштырууну, ченемдик-укуктук базаны жаңылоону, арыздарды кароо механизмдерин модернизациялоону, мамлекеттик органдарды “Бирдиктүү терезе” системасынын алкагында интеграциялоону камтыды. Натыйжада тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары ар кандай агенттиктерге кайра-кайра кайрылбастан, бирдиктүү санариптик интерфейс аркылуу электрондук түрдө арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Модернизациялоонун негизги элементтеринин бири ai.trade.kg санариптик платформасын ишке киргизүү болду, анда продукциянын мүнөздөмөлөрүн талдоо жана уруксат берүүчу документтердин айрым категорияларын кароодо сунуштарды түзүү үчүн жасалма интеллект технологиялары колдонулат.
Электрондук маалымат алмашууну, автоматташтырылган жол-жоболорду жана электрондук санариптик кол тамганы колдонууну киргизүүнүн аркасында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү убактысы бир топ кыскарды. Мамлекеттик органдардан тактоолорду, идентификацияны жана эксперттик корутундуларды берүү үчүн талап кылынуучу убакыт 14төн 3 жумушчу күнгө кыскартылды.
Ишке ашырылып жаткан чаралар товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну тездетүүгө, бизнестин административдик жүгүн азайтууга, тышкы сооданын катышуучуларынын чыгымдарын кыскартууга жана мамлекеттик процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга жардам берет. Өтүнмөлөрдү иштеп чыгуунун бардык этаптары арыз ээлерине системадагы жеке кабинети аркылуу реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүү кылуу.
Экинчи реформа – аскерге чакыруу курагындагы жарандарды аскердик кызматка алгачкы каттоодо медициналык кароодон өтүүнү жөнөкөйлөштүрүү.
Буга чейин медициналык кароолор райондук аскер комиссариаттарында жүргүзүлүп, медициналык адистердин бир топ жүктөмү, иш кагаздарынын көп көлөмү жана ведомстволор аралык натыйжалуу маалымат алмашуунун жоктугу менен байланыштуу болгон. Процесс медицина кызматкерлерин негизги иштеринен кошумча кызматка тартууну талап кылып, бул саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишине терс таасирин тийгизип келген.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндүн ичинде “Sanarip Clinic” медициналык маалыматтык тутумун колдонуу менен санариптик медициналык текшерүү модели иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Бул модель текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, отчетторду даярдоого жана аскердик-дарыгерлик комиссиянын чечимдерин электрондук форматта кабыл алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле ведомстволор аралык интеграцияны камсыз кылуу, медициналык корутундуларды электрондук түрдө алмашууну ишке ашыруу, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиянын ишинин аякташынын абалын текшерүү кызматы киргизилди.
Пилоттук долбоор райондук аскер комиссариаттарынын ордуна Чүй облустук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда ишке ашырылды. Анын алкагында аскерге чакырылууга чейинки курактагы 788 адам санариптик медициналык текшерүүдөн өтүп, бардык отчеттор иштелип чыгып, “Түндүк” ведомстволор аралык байланыш системасы аркылуу электрондук түрдө өткөрүлүп берилди.
Долбоордун ишке ашырылышы медицина кызматкерлеринин иш жүгүн бир топ кыскартып, иш кагаздарын жүргүзүүнү жокко чыгарып, процедуралардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылды. Бул ыкма кийинчерек бардык аймакка жайылтылат.
Эскерте кетсек, бул реформалар 2026-жылдын 14-январында президенттин администрациясынын аппараттык жыйынынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан демилгеленген.