Ошто дарыгерлер инсульт алган бейтаптын өмүрүн сактап калышты

 Ошто дарыгерлер инсульт алган бейтаптын өмүрүн сактап калышты

Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери ишемиялык инсультка кабылган дагы бир бейтаптын өмүрүн сактап калышты.

Оорукананын маалыматына караганда, бул ангионеврология бөлүмүнүн медиктери жыл башынан бери тромболитикалык терапияны ийгиликтүү колдонгон төртүнчү учур.

Диагноздун өз убагында коюлушу, ошондой эле бөлүмдүн дарыгерлеринин ыкчам жана биргелешкен аракеттеринин аркасында дарылоо “терапевттик терезе” убактысынын ичинде башталган. Бул кан агымын тез арада калыбына келтирүүгө жана оор кесепеттердин пайда болуу коркунучун кыйла азайтууга мүмкүндүк берди.

“Инсульттун алгачкы белгилери байкалганда медициналык жардамга өз убагында кайрылуу – ийгиликтүү дарылоонун жана бейтаптын толук калыбына келүүсүнүн кепилдиги”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост