Ошко күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системасы орнотулат

 Ошко күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системасы орнотулат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытайдын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар “Светлый район” жана башка бир катар долбоорлорду талкуулашты.

Маалыматта белгиленгендей, Кытай компаниясы өз каражатынан Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук аймактарына күн энергиясы менен иштеген заманбап жарык берүүчү системаларды орнотууга даяр экендигин билдирди. Бардык монтаждоо иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды компания толук камсыз кылып, ишке киргизген соң техникалык тейлөөнү да жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, “Кооз шаар” программасы аркылуу шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жабдууларын жана курулуш материалдарын мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жеткирүү, жол куруу жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуу маселелери каралды.

Ошондой эле эл аралык долбоордун алкагында Ош шаарында кытайлык адистер тарабынан акысыз медициналык жардам көрсөтүү пландаштырылууда.

Связанный пост