Ош облусунда жер титиреди

 Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн саат 12:43тө Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түндүккө карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 115 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Бор-Дөбө айылында жердин силкинүүсү 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост