Төрөт үйлөрүндө кайсы кызматтар акысыз көрсөтүлөт?
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында төрөт учурунда, кош бойлуулуктун татаалдашуусунда жана төрөттөн кийинки мезгилде ооруканага жатуу акысыз жүргүзүлөрүн эскертет.
Фонддон билдиришкендей, кош бойлуу аялдар кош бойлуулук татаалдашкан учурда ооруканага акысыз жатууга, табигый жана операциялык жол менен (анын ичинде кесарево жана наркоз) төрөөгө, ошондой эле төрөттөн кийинки 10 жума ичинде келип чыккан татаалдашууларда медициналык жардам алууга укуктуу.
Мындан тышкары, кымбат жана жогорку технологиялык процедуралардан тышкары, зарыл болгон медициналык кызматтар, лабораториялык анализдер жана изилдөөлөр акысыз көрсөтүлөт. Бейтаптар ошондой эле маанилүү дары-дармектердин тизмесиндеги дарылар жана медициналык буюмдар, анын ичинде шприцтер, системалар жана чыгымдалуучу материалдар менен камсыз болушат.
Фонддон өзгөчө кырдаалдардагы жана кечиктирилгис жардам бардык кош бойлуу аялдарга медициналык камсыздандыруусунун бар-жогуна карабастан көрсөтүлөрүн баса белгилешти. Кош бойлуулар үчүн каралган бардык кызматтар мамлекет тарабынан кепилденген пакетке кирет жана алар үчүн акы төлөнбөйт.
Фонд төрөт же операция үчүн расмий эмес түрдө акча талап кылуу бейтаптардын укугун бузуу болуп саналарын эскертет. Мындай фактылар катталган учурда жарандардан сутка бою акысыз иштеген 113 түз байланыш номерине чалууну өтүнүшөт.