Жогорку Кеңешке №20 шайлоо округу боюнча жаңы депутат келди

 Жогорку Кеңешке №20 шайлоо округу боюнча жаңы депутат келди

№20 шайлоо округу боюнча Максатбек Алымбеков Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп таанылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 19-майдагы жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, Максат Алымбековго №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандаты берилди.

Эл өкүлү Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.

Максатбек Алымбеков парламентке Темирлан Айтиевдин ордуна келди.

Эске салсак, 12-майда №20 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз менен кайрылган болчу.

Связанный пост