Ошто эски жатаканалардын ордуна заманбап үйлөр курулушу мүмкүн

 Ошто эски жатаканалардын ордуна заманбап үйлөр курулушу мүмкүн

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин жашоочулар менен болгон жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер ыкчам чечиле баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жолугушууда жарандар өздөрү жашаган жатакана тибиндеги үйдү оңдоп же бузуп, анын ордуна муниципалдык ипотекалык компания үй куруп берүүсүн өтүнүшкөн.

Жолугушуулар аяктаган соң мэр Жанарбек Акаев Урицкий көчөсүндөгү №4, №6 үй бүлөлүк жатаканасынын ээлерине барып жеринен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар үйлөр эскилиги жетип, кооптуу абал жараткандыктан аны реконструкциялап же бузуп, ордуна Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн курууну суранышты.

Мэр Жанарбек Акаев эгер турак үйдүн ээлери баары макул болсо, жеке компаниялар аркылуу мэрия кепилдик болуп ордуна жаңы үйлөрдү куруп берүү чечимин сунуштады. Ошондой эле жакынкы күндөрү бул маселе толук каралып, чечим кабыл алынары белгилүү болду.

Жолугушуудан соң мэр аталган көп кабаттуу үйдүн абалын толук көрүп, чын эле эскилиги жеткенин, тургундардын талабы эске алынарын айтты.

Связанный пост