Ош облусунда жер титиреди
Бүгүн саат 11:36да Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоолорунда, атап айтканда, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү очогунда 3 баллды түзгөн.
Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.