Окуучуларды олимпиадаларга даярдоого кошумча сыйлык жана эмгек акылар каралды

 Окуучуларды олимпиадаларга даярдоого кошумча сыйлык жана эмгек акылар каралды

Окуучуларды эл аралык жана республикалык олимпиадаларга даярдоого кошумча сыйлык жана эмгек акылар каралды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдирди.

Анын айтымында, окуучулар жеңген учурда мугалимдерге төмөндөгүдөй төлөмдөр төлөнөт:

Эл аралык олимпиадада (Эл аралык комитет уюштурган)

  • 1-орун – 500 миң сом;
  • 2-орун – 300 миң сом;
  • 3-орун – 300 миң сом.

Респбуликалык олимпиадада:

  • 1-орун – 10 миң сом;
  • 2-орун – 7 миң сом;
  • 3-орун – 5 миң сом.

“Эл аралык олимпиада үчүн сый акы мугалимге бир жолу төлөнөт. Ал эми республикалык олимпиада үчүн берилген кошумча төлөм мугалимдин бир жылдык эмгек акысына ай сайын кошулуп турат”,-деп белгиледи Баймуратова.

Связанный пост