Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду кимдер ала алат?
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алуучулардын категориялары жана аны дайындоо шарттары жөнүндө маалымат берди.
Маалыматка ылайык, жөлөк пул берүү тартиби КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен жөнгө салынат.
Аталган документтин нормаларына ылайык, бул төлөмдү алууга төмөнкү жарандар укуктуу:
- Иштеген жарандар: Иш берүүчүлөр менен эмгек мамилесинде турган адамдар.
- Жеке ишкерлер: Ишкердик иш жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан адамдар.
- Дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү.
- Расмий жумушсуздар: Белгиленген тартипте иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар аялдар.
Белгиленгендей, расмий жумушсуздар үчүн милдеттүү шарт болуп жалпы камсыздандыруу стажынын кеминде 12 ай болушу саналат.