Кара-Сууда жол кырсыгынан 5 адам каза болду
Кара-Сууда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 13-апрелде Бишкек – Ош унаа жолунун боюндагы Тойчу айылынын тушунда катталган. Анда “Хонда Степвагон” жана “Мерседес-Бенц” С180 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, натыйжада 5 адам каза болуп, дагы 6 адам ооруканага жеткирилген.
“Каза болгондор 19, 20, 25, 62 жана 72 жашта болушкан. Ооруканага жеткирилгендердин арасында жаш балдар дагы бар”, – дешти милициядан.