ЖК төрагасы Германиянын Бундестагынын депутатын кабыл алды

 ЖК төрагасы Германиянын Бундестагынын депутатын кабыл алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаты, Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Гунтер Крихбаумду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулап, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа мамлекеттери, анын ичинен Германия менен өнөктөштүктү өрчүтүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: «Бул иш сапарыңыз өлкөлөрүбүз ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин», – деди.

Муну менен катар өлкөбүздөгү соңку реформаларга токтолгон Төрага коомдук-саясий турмушка айымдардын катышуусуна артыкчылык берилип жатканын жана парламентке шайланган айым депутаттардын саны көбөйгөнүн мисал кылды.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште Германия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобу түзүлгөнүн белгилеген Марлен Маматалиев: «Биз калыптанган кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн парламенттер аралык диалогду тереңдетүүбүз кажет. Анткени, парламенттик дипломатия бардык байланыштардын башатында турат. Айрыкча эки тараптуу иш сапарларды уюштуруп, достук топторунун жана тармактык комитеттердин деңгээлинде да тыгыз иш алып баруубуз зарыл», – деп кошумчалады.

Жолугушууда миграциялык маселелер да талкууланып, аталган жааттагы кызматташтыкты дагы кеңейтүү сунушу айтылды.

Ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаты, Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Гунтер Крихбаум Кыргызстандагы иш сапары ийгиликтүү өтүп жатканын билдирип, анын ичинен Жогорку Кеңештин Төрагасы менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин баса белгиледи.

Ошону менен бирге эки тараптуу жана «Борбор Азия+Германия» форматындагы алакаларды өнүктүрүү маселелерине да токтолду.

Андан сырткары, Жогорку Кеңеш менен кызматташтыкты тереңдетүү башкы максаты экенин айтып, жакынкы аралыкта боло турган Төрага Марлен Маматалиевдин Германиядагы сапары байланыштарды чыңдоого чоң түрткү берет деген ишеничте экенин кошумчалады.

Тараптар билим берүү жаатындагы байланыштарды бекемдөө боюнча да пикир алмашты.

Связанный пост