Тоолуу райондордо сел жана кар көчкү коркунучу бар

 Тоолуу райондордо сел жана кар көчкү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү жана кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдир88 таратты.

Маалыматка ылайык, 8-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Көк-Арт ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо зарыл .

Связанный пост