Нарындык окуучулар олимпиададагы жеңиши үчүн “Артекке” жолдомо алды
Нарын облусунан Республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү “Артек” лагерине жолдомолорду берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалымдалгандай, жеңүүчү болгон окуучуларга лагерге жолдомо, мугалимдерге акчалай сыйлык, ал эми ата-энелерге Ыраазычылык каттар тапшырылган.
Жеңүүчүлөр:
- Качкынова Мария Алмазбековна, Ат-Башы районундагы Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу; –
- Шайырбекова Рабия Шайырбековна, Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу;
- Нурланбекова Канайым Нурланбековна, Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралиева атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу;
- Кадыров Адилхан Талантбекович, Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу;
- Өмүрзакова Акактай Акатовна, Нарын шаарындагы “Билимкана-Нарын” мектебинин 9-классынын окуучусу.
Белгилей кетсек, Нарын облусу республика боюнча жалпы эсепте 4-орунду ээлеген.