“Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында салык 2 эсе өстү
Кыргызстандын ири базарлары болгон “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары санариптештирилгенден кийин салык түшүүлөр эки эсеге өстү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин “Дордой” базарынан салык жыйноо бир топ кыйынчылыктар менен коштолуп келген.
“Мурда “Дордойдон” 650 млн сомду чогултуу өтө оор болчу. Салык органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамиле чыңалып, көптөгөн келишпестиктер жаралып турчу. Ишкерлер салык кызматкерлери менен түз байланышууну каалашчу эмес. Ал эми санариптештирүү киргизилгенден кийин салык түшүүлөрү 1 млрд 300 млн сомго жетип, эки эсеге көп чогула баштады”, — деп белгиледи Шыкмаматов.
Төрага салык түшүүлөрүнүн мындай көбөйүшү бизнеске жеңилдиктер берилип, административдик кысымдын азайтылышы менен мүмкүн болгонун айтты. Ал белгилегендей, Ош облусундагы “Кара-Суу” базарында да салыктык төлөмдөр эки эсеге өскөн.
Ошону менен бирге Шыкмаматов базарлардагы сатуучулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлмөйүнчө, көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө киргизүүгө болбой турганын кошумчалады.