Депутат 75 аксакалдын катын алгандардын аты-жөнүн ачыктоону суранды
Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев бүгүнкү жыйында төрага Марлен Маматалиевден 75 аксакалдын катын алган депутаттардын ысымдарын ачыктоону суранды.
Анын айтымында, төраганын кат боюнча билдирүүсү интернет айдыңына чыгары менен шайлоочулар ал депутаттардын аттарын атоону суранышкан. Төрага катты ким алып келгени жана ким кабыл алганы толугу менен видеокамераларга тартылып калганын билдирди.
“Кат экс-төраганын атына катталып, анын колуна берилген. Андан кийин ал тарабынан тапшырмалар берилип, депутаттар катары менен ага кирип, андан соң аталган документ комитеттин (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети) кароосуна киргизилген. Өзүңүздөр билгендей, парламентте бир катар окуялар болуп, эми азыр да депутаттар бул маселеге кайра кайрылышты. Негизи муну менен Ички иштер министрлиги алектенип жатат”, — деди ал.