Ит тиштеген баланын абалы туруктуу
Бишкекте иттер тиштеген баланын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу аламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, 6 жаштагы бала 1-апрелде саат 15:40 чамасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына келип түшкөн.
“Бейтаптын баш мээси орточо деңгээлде жабыркаган, бир нече жери тиштелген. Дененин үстүңкү жана астыңкы бөлүктөрү да жаракат алган”, – дешти министрликтен.
Ошондой эле учурда балага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү, абалы туруктуу, бирок орточо оор экени айтылды.
“Бейтап бардык керектүү медициналык жардамды алып жатат. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турат”, – деп белгилешти Саламаттык сактоо министрлигинен.