Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунан өрт чыкты
Бүгүн, 1-апрелде Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, өрт кыска убакыттын ичинде өчүрүлгөн. Жарандар жабыркаган эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов калкты тейлөө кызматтарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында мобилдик кабылдамаларды уюштурууну тапшырды.
Ошондой эле мэрге кыска мөөнөттө ылайыктуу имарат таап, борборду убактылуу жайгаштырууну тапшырды.