Депутаттар тигүү тармагына жеңилдетилген насыяларды берүүнү сунуштады
“Ала-Тоо” депутаттык тобу жеңил өнөр жай тармагындагы, жумуш менен камсыз кылуу жана экономикалык кырдаал боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат укту.
Парламенттен билдиришкендей, жыйынга тигүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Тигүүчүлөр Wildberries менен иштөөдөгү тоскоолдуктардан жана сертификациянын жоктугунан 3 миңден ашык цех жабылып, миңдеген адамдар жумушсуз калганын билдиришти. Алар мамлекеттен өндүрүшчүлөрдү колдоону суранышууда.
Депутат Жумабек Салымбеков тигүү тармагындагы төмөндөө боюнча министрликтен кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Экономика министри Бакыт Сыдыков учурда Wildberries маркетплейси менен кызматташуу маселелери каралып жатканын билдирди.
Андан тышкары, депутат Сеидбек Атамбаев тигүү тармагына Бангладеш, Пакистан жана Өзбекстандан чет элдик адистерди тартуунун механизмдерине жана шарттарына көңүл бурду. Депутат Талайбек Масабиров логистикалык борбор куруу жана тигүү ишканаларына жеңилдетилген кредиттерди берүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Министр Бакыт Сыдыков Wildberries логистикалык борбору 2028-жылга чейин курулуп, пайдаланууга берилерин билдирди.
Талкууда депутаттар тигүү тармагын көмүскөдөн чыгаруу, Россияга товар киргизүүдөгү тоскоолдуктарды (маркалоо, КНС) чечүү жана сатуу рынокторун кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн логистиканы жакшыртып, ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу сунушталды.
Жыйынтыгында “Ала-Тоо” депутаттык тобу белгиленген көйгөйлөрдү чечүү боюнча Министрлер кабинетине бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде жеңилдетилген шартта насыялоо, сатуу рынокторун диверсификациялоо жана башка маселелерди кароо сунушталды.