Талас облусунда 35,6 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду
2025-жылы Талас облусунда жалпы 35 600 даана “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Бакай-Ата районунда 8268 даана;
- Айтматов районунда 11 032 даана;
- Талас районунда 11 164 даана;
- Манас районунда 5 136 даана.
Анын 31 280ни бир фазалуу, 4320сы 3 фазалуу жаңы типтүү “акылдуу” эсептегичтер болду. Мындан тышкары, 2026-жылга кошумча жаңы 3390 даана 3 фазалуу жаңы типтеги электр эсептегичтери орнотулуп баштайт.
“Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.