Сууктан улам Ак-Талаа районунун мектептери аралыктан окутууга өттү
Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү мектептер суукка байланыштуу окуучулардын коосуздугун алдын алуу максатында аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.
Мындай чечим бүгүн акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жетектеген ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Буга аба ырайы суук болуп, температура -35 градуска чейин түшкөнү негиз болгон. Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте иштейт.
Азырынча аралыктан окуу 18-январга чейин жүрөт.