Борбор Азияда уран калдыктарын тазалоо боюнча жаңы стратегия кабыл алынды
Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (АЭЭА-МАГАТЭ) Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча 2030-жылга чейинки иш-аракеттерди камтыган жаңы стратегиялык планды кабыл алды. Бул тууралуу “Дунё” агенттиги кабарлады.
Документ Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын катышуусунда эл аралык каржы жана тармактык уюмдар менен кызматташууну көздөйт.
Программанын жаңыланган жалпы наркы 113 млн еврону түзөт. Ага курулуш жана инженердик иштер, долбоорлорду башкаруу, күтүлбөгөн чыгымдар үчүн резерв жана кошумча программалык сарптоолор киргизилген. Эсептөөлөр учурдагы келишимдерге жана бүгүнкү күндөгү эң так сметаларга негизделген.
Жаңы стратегия экологиялык жана социалдык-экономикалык коркунучу салыштырмалуу төмөн болгон, артыкчылыгы аз объекттерге да жайылтылды. Эки тараптуу макулдашуулардын алкагында, Россия Кыргызстандагы мындай объекттерди рекультивациялоого 21,4 млн евро, ал эми Тажикстандагы иштерге 15,6 млн евро бөлүнгөнү айтылат.
Агенттиктин баамында, жаңы план кайталанган аракеттердин алдын алып, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ачык-айкындуулугун арттырат жана Борбор Азиядагы уран калдыктарын тазалоо иштерин толук аяктоо үчүн кошумча эл аралык колдоону тартууга шарт түзөт.