Раззаков Кыргызстандагы эң таза шаар деп табылды

 Раззаков Кыргызстандагы эң таза шаар деп табылды

Баткен облусунун Раззаков шаары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурган “Эң таза шаар” жана “эң таза айыл аймагы” аттуу республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы эң таза шаары деп табылды.

Облустук администрациянын маалыматына ылайык, сынактын жыйынтыгында Раззаков шаары 1-орунду ээлеп, катуу тиричилик калдыктарын сорттоого арналган атайын техника менен сыйланды. Бүгүн аталган техниканы министрликтин башчысы Медер Машиев Раззаков шаарынын мэри Адилбек Жоробаевге салтанаттуу түрдө тапшырды.

Связанный пост