Эт импорттоого квота алуу автоматташтырылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эттин айрым түрлөрүн импорттоого квота алуунун жаңы автоматташтырылган системасын ишке киргизүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул система квота бөлүштүрүүнү автоматташтырып, министрликтин ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат.
Ошондой эле жеткирүүчүлөр, министрликтин адистери жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда бирдиктүү санариптик өз ара аракеттенүү мейкиндигин түзөт.
Жеткирүүчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр:
- quota.agro.gov.kg порталы аркылуу онлайн катталуу;
- тарифтик квоталарга электрондук арыздарды берүү;
- арыздардын абалын көзөмөлдөө жана электрондук почта аркылуу билдирмелерди алуу.
Системанын негизги мүмкүнчүлүктөрү:
- арыздарды бирдиктүү портал аркылуу электрондук кабыл алуу;
- компаниялар боюнча маалыматтарды Юстиция министрлигинин базалары аркылуу автоматтык текшерүү;
- тарифтик квоталарды жаңы жана мурда иш алып барган жеткирүүчүлөрдүн ортосунда үч этап менен адилеттүү бөлүштүрүү;
- импорт көлөмүнө онлайн-мониторинг жүргүзүү жана аналитикалык отчетторду алуу;
- арыздардын, квоталардын жана берилген корутундулардын электрондук реестрлерин жүргүзүү жана PDF форматында жүктөө.
Белгиленгендей, система кагазсыз иштөөгө өтүп, коррупцияны азайтат жана арыздарды кароону тездетет. Бул бизнестин мамлекетке болгон ишенимин арттырат.