“Шамшы” чакан ГЭСи электр энергиясын өндүрө баштады

 “Шамшы” чакан ГЭСи электр энергиясын өндүрө баштады

Чүй районунда “Шамшы” чакан ГЭСи ишке киргизилди. Анын курулушу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен кыска мөөнөттө ишке ашырылды. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2024-жылдын октябрь айында долбоорду 1 млн доллар суммасында каржылоо тууралуу келишимге кол коюлган, ал эми бүгүн станция электр энергиясын иштеп чыгара баштады.

“Кубаттуулугу 1,7 мегаватт болгон жаңы станция жылына болжол менен 10 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Чүй районунун электр энергиясына болгон муктаждыгын 12 пайызга жабат. Пайдаланууга берилген объект — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан электр энергиясын иштеп чыгуу тармагында ишке ашырылып жаткан 16 долбоордун бири. Бул долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 600 мегаваттга жакын жана жылына 1,5 млрд киловатт-сааттан ашык электр энергиясын өндүрүүгө багытталган. Бул Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого карай жасалган кезектеги кадам болуп саналат”, – деди Новиков.

Связанный пост