Садыр Жапаров Кеминде курулуп жаткан цемент заводун көрүп чыкты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 3200 тонна клинкерди түзөрүн маалымдады.
Ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган. Ишкана 43 гектар аянтта жайгашат.
Заводдун курулуш этабында 300дөн ашык, ишке киргизилгенден кийин – 500дөн ашуун жумушчу орундары түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров ишкананын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгыны белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.