Адам укуктары боюнча кеңештин жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Координациялык кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле адамдын укуктары жана эркиндиктери жаатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибиндеги маселелерди кароонун алкагында Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун негизги жана актуалдуу аспектилери талкууланды.

Координациялык кеңештин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга, жетишилген натыйжаларды талдоого, ошондой эле бул чөйрөдөгү учурдагы көйгөйлөрдү жана чакырыктарды аныктоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасын мындан ары чыңдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын ишмердүүлүгүн координациялоону жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер иштелип чыгып, кабыл алынды.

Связанный пост