Кыргыз-казак жарандарынын укуктарын коргоо маселеси сүйлөшүлдү
Консулдук департаменттин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов Казакстандын элчилигинин кеңешчи-консулу Нурлан Гильманов менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “90/180” миграциялык режиминин башталышын эске алуу менен жарандардын өз ара келүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелеринде натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында дипломаттар активдүү диалогду улантууга даярдыгын ырасташты жана үзгүлтүксүз байланыштарды кармап турууну макулдашты.
Маалымат үчүн: Буга чейин маалым болгондой, 2025-жылдын 30-ноябрынан тартып Казакстан Республикасынын Чек ара кызматы болуу мөөнөттөрүнөн ашып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарына карата чектөөлөрдү колдоно баштаган.
2025-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстандын жарандарына карата окшош мүнөздөгү чараларды колдоно баштаган.