Быйыл өлкө боюнча 52 жаңы мектеп курулуп, 39 мектеп оңдоодон өттү
Быйыл өлкө боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 52 жаңы мектеп курулуп, 39 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.
Маалыматта белгиленгендей, мындан тышкары, ар кандай каржы булактарынын эсебинен дагы 14 жаңы мектеп курулган.
Бул аракеттер билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана окуучулар үчүн коопсуз, заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Булак “Кабар” агенттиги