Быйыл өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокамералар орнотулду
2025-жылы өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.
Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүү багыттарынын бири — окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 2 миң 394 мектеп бар. Анын ичинен 1 миң 848 мектеп видеокамералар менен жабдылган.
Учурда бул иштер улантылып, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү күчөтүлүүдө.
Булак “Кабар” агенттиги