Коюу туман “Манас” аэропортунун ишин үзгүлтүккө учуратты
«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу аба каттамдар кечеңдеп жана токтотулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11 каттам токтотулуп, 4 каттам кечигүүдө. Ошол эле учурда 13 каттам графиги боюнча учуп кеткен.
Ал эми дагы 16 каттамдын аткарылышы азырынча белгисиз.
Кошумча маалымат берилет.