Бир катар жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин сыйлыктары тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарага катышып, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алкышын тапшырды. Сыйлыктарда өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн бир катар жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жетишкендиктери белгиленди.

Сыйлыктар бир нече негизги багыттар боюнча берилди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана интеллектуалдык потенциалын чыңдоого зор салым кошкон инсандар, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн инсандар белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан бир катар жарандарга ак эмгеги, ак ниети, мамлекеттик тапшырмаларды жана демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн алкыш билдирилди.

Связанный пост