Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары үчүн программанын башында Мамлекеттик Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулган. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлдү.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү.

Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.

Связанный пост