Кыргызстанда көмүскө экономика 20% кыскарды
Кыргызстанда көмүскө экономика 20 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Ала-Тоо LIVE” берүүсүнө берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандын экономикасына эл аралык уюмдар чоң кызыгуу менен баа берип, оң пикирлерин билдиришүүдө. Көмүскө экономика дээрлик эки эсеге ачыкка чыгарылды. Буга чейин жылына 80–90 млрд сом салык чогултулуп келсе, азыр бул көрсөткүч дээрлик 300 млрд сомго жетти.
“Бул эмненин эсебинен болду? Биринчи кезекте салыктык жол-жоболорду күчөтүү жана санариптештирүү көмүскө экономиканын кыскарышына өбөлгө түздү. Мындан улам салыктык түшүүлөрдүн планы ашыкча аткарылды. Салыктык башкарууну жакшыртуу максатында Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн патенттик салык салуу системасы кеңейтилип, өркүндөтүлдү. Ишкерлерге базарларда жана чакан соода түйүндөрүндө иш жүргүзүүнү жеңилдеткен ыңгайлуу салык төлөө ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгү берилди”, — деди ал.
Ошондой эле Рахманов жыл башында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу схемаларын аныктоо боюнча атайын аналитикалык топ түзүлгөнүн белгиледи.
“Укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн иш көмүскө экономикага жана коррупцияга каршы күрөштү күчөттү”, — деп кошумчалады ал.
Булак “Кабар” агенттиги