Бишкекте мурдагы чиновникке көп аял алуу боюнча кылмыш иши козголду

 Бишкекте мурдагы чиновникке көп аял алуу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте мурдагы чиновникке көп аял алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы институтуна Бишкек шаарынын тургуну У.Х. кайрылып, жарандык никедеги жолдошу, мурдагы чиновник М.М.га чара көрүүнү суранган.

Арыздануучунун айтымында, М.М. мурунку никеси бар экенин жашырып үйлөнгөн. Арада генетикалык оорусу бар бала төрөлгөндө, күйөөсү баладан баш тартып, жардам бербей койгон.

Ошондой эле арыздануучу анын биринчи аялы тараптан кысымдар болуп жатканын билдирген. Учурда Октябрь РИИБи “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен иш козгоду. Акыйкатчы ишти көзөмөлгө алып, Башкы прокуратурага кат жолдоду.

Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жарандардын кайрылууларын өз учурунда кароого жана тергөө иштерин калыс жүргүзүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, мыйзамда көп аял алууга каршы коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу жоопкерчилиги каралган.

Связанный пост