Кызмат абалынан пайдаланган Чүй районунун акими кармалды

Кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Чүй районунун акими кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Р.Т. 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген, бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун пайдаланууга уруксат бергени аныкталган.

Мындан тышкары, ал айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген.

16-декабрда жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Чүй районунун азыркы акими Т.Р.Т. КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Связанный пост