Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары шайланды
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басарын жана эки орун басарын шайлоо маселесин карашты.
Анда «Элдик» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Чыңгыз Ажибаевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунан Жылдыз Таалайбек кызы жана «Мекенчил» депутаттык тобунан депутат Карим Ханджезанын талапкерлиги сунушталды.
Аталган маселе Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети режиминде каралды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланса, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары кызматына шайланышты.
Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.