Салык кызматы: Коюлган план 12 эмес, 11 айда эле ашыгы менен аткарылды
Быйылкы жылга Мамлекеттик салык кызматынын салык боюнча планы 268 млрд сом болсо, жыл аягына чейин 303 млрд сом чогултабыз деген максат бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдагы 11 айдын жыйынтыгы менен 275 млрд сом салык чогултулган.
“Биринчи коюлган план 12 эмес, 11 айда эле ашыгы менен аткарылды. Азыр бюджет менен планда дагы өзгөртүүлөр болуп жатат. Бирок, жалпысынан 303 млрд дегенибизде биз дээрлик 35 млрд сом ашыкча чогултуудабыз. Бул экономикабызга, мамлекетке милдеттемелерди толук кандуу аткарып, дагы кошумча колдоо көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болуп жатат.
Ал эми камсыздандыруу төлөм боюнча айтып кетсем, башында ушул жылдын планы 75 млрд сом болчу, биз 82 млрд чогултабыз деп кошумча дээрлик 7 млрд жыйнап жатабыз. Быйыл салыктык жеңилдиктер берилип, салыктар боюнча ставкалар төмөндөтүлгөнүнө карабастан ири көлөмдө салык чогултулууда”,- деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.
Белгилей кетсек, бир жыл мурун президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен салык тутумунда масштабдуу реформалоо башталган. Мында ишкерлер үчүн салык жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөтүү жана бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо боюнча Салык кызматтынын алдына так милдеттер коюлган.
Булак “Кабар” агенттиги