Балыкчыда 6 үй-бүлөгө жаңы турак жайлардын ачкычы тапшырылды
Бүгүн Балыкчы шаарында 6 үй-бүлөгө курулган жаңы турак жайлардын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Турак жайлардын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
Маалым болгондой, аталган турак жайдын ээлеринин буга чейинки жашаган үйлөрү темир жолго жакын жайгашкандыктан (дээрлик 2 метр) кооптуу жана жашоого ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен аларды башка жака көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы турак үйлөр салынып берилген.
Шаардын коопсуз аймагына салынган заманбап үйлөр 3 бөлмөлүү болуп, бардык тиричилик жабдыктары менен камсыздалган.
Камчыбек Ташиев аталган 6 үй-бүлөнү жаңы турак жайлары менен куттуктады.
Өз кезегинде жаңы үйлөрдүн ээлери өлкө жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.