Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Астанага барды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды.
Акылбек Жапаров иш сапардын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Андан тышкары, Казакстандын президенти менен өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусу пландаштырылган.